BAĞLANTILAR

 

FOTO ALBÜMDEN

  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
 

İSTATİTİKLER

mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterBugün83
mod_vvisit_counterDün65
mod_vvisit_counterBu ay1226
mod_vvisit_counterGeçen ay1811
mod_vvisit_counterToplam255803

Online (20 minutes ago): 1
Your IP: 54.224.210.130
Zaman: 2017-09-19 22:14
 
КАСИЕТТҮҮ ЖЕРДИН КАДЫРМАН КУЛУНУ, ЖЕ АХМАТОВ РЕСПУБЛИКАСЫ PDF Yazdır e-Posta

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГДОРУ

КАСИЕТТҮҮ ЖЕРДИН КАДЫРМАН КУЛУНУ, ЖЕ АХМАТОВ РЕСПУБЛИКАСЫ

 

Туулган жер касиети... Арийне, ар бир пендеге өзүнүн туулган жери касиеттүү эмеспи. Бирок адамдар бир-бирине окшошпойт да. Анда мындай окшошпостук кайдан жаралат? Мунун себеп-сыры көптүр, ошентсе да дал ушул окшошпостуктун өзү эле адам Жер эненин кулуну экенин айгинелеп отурбайбы. Мына, Торайгыр десек, бүгүн кыргыз баласынын кимисинин болбосун көөдөнүнөн кандайдыр бир жылуулук өрдөп өтөт. Бул, мүмкүн, Торайгырдын аталышы боюнча жаралган сырдуу уламыштарда жаткандыр? Чын эле, башка жерлердин, айылдардын аталышы боюнча неге мындай уламыштар жаралбайт? Анда Теңирим дагы бир момундай суроонун башын кылтыйтып отурбайбы: Торайгыр жарык күнгө кимдерди берди? Кимдерди? Иса Ахунбаев, Болот Миңжылкиев, Молдогазы Токобаев... Санай берсек, чубалжып кете берер, а бүгүн мен Торайгырдын дагы бир жаркын кулуну, көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Республиканын илимине эмгек сиңирген ишмер Токтосун Керимбаевич Ахматов жөнүндө зор сыймык менен кеп уруп бергим келип отурат.

Баса, алдын ала айтып койгум бар: Токтосун агай менин кандидаттык да, докторлук да ишиме жетекчилик кылды, жалпы менен бирге далай дарстарын уктум. Андыктан атамдай болуп калган мээрман инсанды мындан ары эч кандай «ич», «пичи» жок эле, «агай» деп атоого милдеткермин. Анда биздин жол кайдан башталган, же кошулган? Агайды университеттин босогосун аттаганда эле көргөм. Шамдагай, анан сүрдүү эле. Азыр деле ушундай. Бирок анда кырктан жаңы эле өткөн, азыр болсо жетимиш жаштан өтүп калды. Ылайым, мындан кырк жылдан кийин деле ушундай бойдон кала берсе экен. Анан... Анан агай, ошентип, 5-курстан бизге дарс окуду. Болгондо да жалпы тил илиминен. Мен ошондо бир нерсеге ынандым - тил да куду адам баласы сыңары өтө татаал экен, тил илими дагы далай теориялык жалпылоолорго муктаж экен. Бул мен үчүн чоң олжо эле. Ошондой күндөрдүн биринде студенттердин илимий конференциясында доклад жасап калдым, ага агай да катышып, ар бир докладчыга суроолорду жаадырып жатты. Мен да кыл көпүрөдөн эптеп өттүм көрүнөт, буга сүйүнгөнүмдөн ордума отурайын деп баратсам, мага кайрылып калды:

            - Ош пединституту мугалимдикке бир бала бергиле деп суранып жатат, сени жиберели - барасыңбы?

            Не дээримди билбей калдым да:

            -Жиберсеңиздер... - дедим мукактана. - Ойлонуп көрөйүн.

            - Ээ, балаңды урайын!... - деди профессор Акеш Иманович, менин жообумду угары менен туйлап. - Ой, элдин баары ортого киши салып, бара албай жүрсө, а сен «ойлонуп көрөйүн»... Токтоосуз эле макул дебейсиңби?

            - Анда макул... - дедим мен, отургандарды жапырт күлдүрүп.

            Бирок тагдыр экен, мен Ошко кетпей калдым, менин ордума азыркы илим доктору, профессор, акын Мелис (Абдылдажан) Акматалиев кетти. А мен агай менен бир кафедрада иштеп калдым. Тил илими кафедрасы. Профессорлор: А. Жапаров, Б.Үмөталиева, Ж. Мукамбаев, К. Дыйканов, А. Иманов, С. Иманалиев... Биздин кафедра. Не деген кафедра эле... Агай кафедрага башчылык кылчу. Мындай дөө-шааларды баш коштуруп, бир үй-бүлөдөй кармап туруш канчалык тозок экенин мен биринчи күндөн тартып эле түшүндүм көрүнөт. Ар биринин илимде өз орду бар, ошого жараша кыялы да бар.

            - Көнгөнүңө жакшы, - деди окуу жылы башталары менен агай бир күнү мага. – Сени саатчы (почасовик) кылдым, практикалык сабактарды жүргүзүп, кээде лекция окуй бергин.

            - Мен силерге канча какшайм!.. – деди Абдыгул Жапарович так секирип. – Бу часовой (почасовик дегенди ушинтип койчу эле жарыктык киши) менен лаборанттарга лекция окутпагыла деп. Алар быша элек да...

            - Абдыке... – дейт агай аны жумшартып, - сиз экөөбүз деле ошол часовойдон өсүп чыкпадык беле.

            Абдыгул агай ормоё бир тиктеп алат да, аргасыздан жылмаят. Ага кошулуп, баары жылмайышат. Ошентип, күпүлдөтүп лекция окуй баштадым. Агай апта сайын ар кимдин лекциясына катышат, анан талкуулашмай. Кээде кызыл чеке болгонго чейин барышат. Бирок, негедир, менин эле лекцияма катышпайт десең. Көрсө, эми ойлосом, чырпык чагында белин мертинтип албайын деген экен да...

            - Ар бирибиздин, өзгөчө сакалдуулардын лекцияларын магнитофонго жаздырып калыш керек.

            Ушинтип кафедранын ар бир отурумунда айтат, ар бир жыйынды ушинтип жыйынтыктайт.

            -Анын кереги эмне? - дейт Абдыгул агай. - Лекцияны магнитофонсуз эле окуп жатпайбызбы?

            - Сабак болот, Абдыке, сабак болот, - дейт агай сырдуу, - мына бүгүн биз Константин Кузьмич (Юдахин) менен Болот Юнусалиевдин үнүнө зар болуп отурбайбызбы...

            Кыймылдагандан корккондой, отургандар дымый түшөт.

            Ошентип иштеп жүргөндө, аспирантурага тапшырууга туура келип калды. Анда аспирант деген сөздүн өзү эле ар бирибизге сырдуу да, касиеттүү да туюлчу. Жүрөк болк-болк, бирок кирүү экзамендерин тапшырып бүткөн соң, силердин кафедраңарга орун жок деп чыкпаспы. Бул, демек, өтпөйсүң деген сөз эле. Жер көчүп кеткендей эле болду. "Эчтеке эмес, быйыл болбосо, эмдиги жылы өтөсүң..." - дейт агай көңүлүмдү жайгара. "Жыл сайын эле экзамен тапшыра берет экенмин да!.." - деп мен ичимден күңкүлдөйм. Топурак сыяктуу эле мезгил деле суутуп коёт экен, мен да көп өтпөй болору болду дегендей тагдырга баш ийип калгам. Анан бир күнү кафедрага кирип отурсам эле, агай менин аспирантурага өткөндүгүм жөнүндөгү буйрукту окуп кирди.

            - Эми, Бейшеке, жуугун...- деди маркум Сансызбай агай тамашалап.

            Мен: «Ракмат... ракмат», - деп баш ийкеледим да, кантип өтүп кеттим деп таңдандым. Көрсө, агай мени бияктан жайгарып коюп, өзү болсо ректоратка, андан тиешелүү министрликке чейин кирип, жер сабап жүрүп, мен үчүн бир орунду бөлдүрүүгө жетишкен экен...

            - Эки негизги нерсени эсиңе алгын, Бейшебай, - деди агай аспирант болгонумдан кийин, жетекчи катары. - Биринчиси – теманы өтө конкреттүү тандашыбыз керек, болбосо же тиги жээкке, же бу жээкке чыга албай,  океандын ортосунда каласың. Экинчиси - диссертация боюнча адабияттарга көмүлүп калба, болбосо, өз оюңдан айрыласың. Ылгап окуп, ылгап пайдалан...

            (Мен да азыр агай тартуулаган ушул «шпаргалканы» пайдаланып, өз аспиранттарыма, докторанттарыма кеңеш берип калам.)

            Агай экөөбүздүн ата-балалык өмүрүбүз ушинтип башталган. Мен анын Көлдүн Торайгырынан, ал менин Нарындын Оттугунан экенибизди ошондо араң билгенбиз. Агай, негедир, ата-энесин көп эскерет. «Атам мындай киши эле..., энем мени узатканда мындай дечү эле...» деген сөздөрүн мен көп уктум, азыр да айтып калат. Анан ата-энеси жөнүндө эскерип жатканда, өзү жетимиш жаштан ашып калса да, куду жаш баладай жадырап кетерин көп байкайм. Ата-эне... Бул биресе балалыгың эмеспи. Балалык демекчи, эч ким балалыгын тандап ала албайт го, агайга да ырыстуу балалыкты буюрбаптыр. Согуш маалы... Он эки жашар өспүрүм. Кайдагы өспүрүм, кайдагы балалык! Уруш учурундагылар балалыкты баштарынан кечиришти беле! Биз аларды, жок дегенде, ушул үчүн деле сыйлай турган жөнүбүз бар. «Согуш жылдарында, - дейт агай ойлуу,- мектепте окуу менен катар арабакеч да болуп иштедим, эсепчи да болуп иштедим... Анан... Согушка жөнөйбүз деп камынып калганбыз. Атүгүл камданып да жүргөнбүз. Анан эле согуш бүттү деп чуулдап калышты. Сүйүндүк. Ыйладык. Кайра өксүп ыйладык -Торайгырдан кылкылдап кеткен баягы аталарыбыз, агаларыбыз кайда!.. дедик..."

            Согуш түйшүгү... Согуш азабы... Согуш сабагы... Бирок согуштан сабак алууга баарыбыз эле жараганбызбы, ага кудуретибиз жеткенби? Ушул сыяктуу суроону агайга бир жолу кыйыткандай болдум эле. «Ээ согушу да курусун, анын сабагы да курусун!.. - деген ал оор күрсүнө, - эмне, сабак алыш үчүн сөзсүз эле согуш керекпи?.. Чындыгында, мен согуштан сабак ала алдымбы, жокпу деп өмүрү ойлоп көргөн эмесмин... Болгону иштедим, колумдан келишинче иштедим, азыр да иштеп жатам. Согуш каарын тартпасам деле азыркыдай эле болмокмун деп ойлойм...» Ак сөз, согуш каарын тартпаса деле агай азыркы деңгээлине жетмек, балким, ашып да кетмек. Анткени анын жан дүйнөсүндө дайыма согуш жүрүп келет, көрсө, колуна караганда жаны мээнеткеч адам сабаксыз эле сабак ала алат көрүнбөйбү!.. Буга агайдын элине кылган кызматы айкын күбө. Анда анын өмүр жолуна кайрадан кылчайып көрөлү.

            Согуш аяктагандан кийин Караколдогу М. Горький атындагы педагогикалык окуу жайында окуду. Аны аяктаган соң, 1947-50-жылдары Талас областындагы Ленинполь районунун Чалдывар орто мектебинде мугалим, райондун инспектору болуп иштеди. «Мен бербеген сабак калбады окшойт, - деп эскерип калат агай, - химияны да бердик, кыргыз тилин да бердик...» «Оо агайдын сабак өткөнү, - деп эскерет ошондогу агайдын окуучусу, азыркы илим доктору, профессор Сүйүтбек Ибраимов, - мээбизге куюп койчу эле, анан да агайдан титиреп турчубуз...» Баса, ошо мезгилде агайдын сабагына министр Болот Юнусалиев да катышып, жогору баа берип, мээри түшүп калган экен.

            - Жарыктык Иса Коноевич: «Сен мединституттан окушуң керек, сенден мыкты медик чыгат, бизде догдурлар жетишпейт, ушундан окуйсуң!» - деп туруп алды,-дейт агай өзүнүн андан кийинки өмүр жолу жөнүндө. - Айла жок, мединститутка тапшырдым. Тапшырып өттүм. Бирок негедир көңүлүм чаппады, бир жыл өтүп-өтпөй таштап салдым. А Иса Коноевич болсо мурчуюп сүйлөшпөй жүрдү. Акыры «кыргыз тили» адистиги боюнча кандидаттык диссертациямды коргогондон кийин гана жазылды...

            Арийне, агай медицинага кеткен күндө же атактуу практик догдур болот беле, же бүгүнкүдөй эле илим доктору болот беле - буга бүгүн пайгамбарчылык кылуу кыйын, бирок атактуу догдур же доктор болгон күндө да бүгүнкүдөй эмгек ырахатына чөмүлөр беле да, зор жигер менен иштей алар беле! Көөдөндө уялап, жүрөгүн туйлаткан ушул собол агайды медицинадан филологияга алып келген көрүнөт. Ошентип, медицинаны "чанып" кеткен соң КМУнун филология факультетине тапшырды. 1950-жылдар... Оо бул жылдары университеттин тил илими кафедрасында К. К. Юдахин, Б.Юнусалиев өңдүү тоолор эмгектенишип, кафедра бүтүндөй түркологияда жылдыздай жанып турган эле. Агайдын бактысына мына ушундай тоолордун колунан таалим-тарбия алуу туш келди, кийин булар менен чогуу иштешти. Агайдын илимге чыйыры мына ушул жерден башталат, ал илимий конференцияларда мазмундуу докладдар менен чыгып сүйлөп, устаттарынын назарын өзүнө бурат. Ошондуктан университетти артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин аны аспирантурага алып калышат. Натыйжада, ал 1959-жылы «Кыргыз тилиндеги Талас говору» деген кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт. Өйдөдө айткандай, ушул коргоодон кийин гана дүйнөлүк алкактагы ири илимпоз И.К.Ахунбаев агайдын өз ордун тапканына көзү жетип, жибип-жазылып отурбайбы...

            Илимге жол ушундайча ачылган. Андан бери агай илим менен окутуучулукту бирдей аркалап бел чечпей иштеп келет. Анын 32 жылдык өмүрү бүтүндөй университетте өттү: окутуучу, доцент, профессор, 17 жыл катары менен кафедрага башчылык кылып, кафедраны илимий кадрлар, адистер менен чыңдоодо жан үрөп иштеди. Ошондой эле студенттерди мезгил талабына төп келерлик окуу куралдары, китептери менен камсыз кылууга да өзгөчө көңүл бурду. Алсак, ушул жылдары республиканын тарыхында биринчи жолу жогорку окуу жайларынын филолог студенттерине арналган окуу китептери менен окуу куралдары жарык көрдү. Мунун баары агайдын түздөн-түз жетекчилиги менен даярдалган, өзү да алардын бир нечесине авторлош. Ал эми ушул мезгилдин аралыгында анын колунан мекен жүгүн аркалаган канчалаган адистер учуп чыкпады дейсиң: бүгүнкү күндө республикабыздын булуң-бурчтарында эмгектенип жаткан айылдык мугалимдерден тартып жогорку окуу жайларда, илимий мекемелерде иштешкен окутуучулар, илимий кызматкерлер анын ысымын зор сыймык менен аташат. Өзгөчө, агайдын теориялык жактан алганда, уйкудан ойготкон терең мазмундуу лекциялары, сыртынан «коркунучтуу» көрүнгөнү менен өтө жөнөкөйлүгү жана да калыстыгы алардын жадында калыптыр.

            Эми эки жагдайды бир өзүнчө эскере кетким келет. Биринчиси - агайдын докторлук диссертациясы жөнүндө. Ал «Кыргыз адабий тилинин тыбыштык түзүлүшү» деп аталат жана ушундай эле наамдагы көлөмдүү илимий монографиялары (1-бөлүк, 1969; 2-бөлүк 1970) да жарык көргөн. Аталган эмгектер өзүнүн илимий-теориялык деңгээли, жаңычылдыгы боюнча өзгөчөлөнүп турарын атайын айта кетүү абзел. Анткени алар кыргыз тил илиминде тилдин тыбыштык түзүлүшүн биринчи жолу жаңы ыкманын негизинде ар тараптуу, биресе так иликтеген изилдөөлөр болуп саналат жана булар мындай ыкма менен изилдеген дагы далай эмгектердин жаралышына өз көмөгүн тийгизди. Бул жерде тилдин тыбыштык түзүлүшүн ушундай жаңы ыкмада изилдөөнүн зарылчылыгы бар беле, анткени кандай жаңы ыкма менен изилдебейли, баягы тыбыш баягы бойдон эле калып жатпайбы деген суроо туулушу мүмкүн. Буга байланыштуу бир окуя эске түшөт: калппы-чынбы аныгын жакшы билбеймин, айтор, илгери биздин айтылуу бир төкмө акыныбыз андан да айтылуу, атактуу эл сүрөтчүсү менен кичине чукчуңдаша кетип, колуна комузун ала коюп, минтип ырдаган экен:

            Эриккенде сен өзүң,

            Айылга кээде барасың.

            Эшектин тартып сүрөтүн,

            Эки миң сом аласың.

            Бул айтканына караганда, айтылуу акын эшектин сүрөтүн тартуу оңой деп ойлосо керек. А бирок эшектин сүрөтүндө адам тагдыры жаткандыгын, ошон үчүн дал ушул сүрөт адамга не деген керемет сабак берерин ал туйду бекен! Дал ушул сыяктуу эле, практикалык жагын эске албаганда да, кыргыз тилиндеги тыбыштардын артында кыргыз элинин тагдыры жаткандыгын биз, илимпоз тилчилер, биле беребизби? Мына ушул өңүттөн алганда, агайдын өйдө жактагы эмгектери биздин алдыбызга төмөнкүдөй философиялык, психоэстетикалык олуттуу суроолорду коюуга жарады:

            1) Тыбыш кандайча жаралат, сөз кандайча жаралат?

            2) Тыбыш менен сөз маанисинин ортосунда кандай байланыш бар?

            3) Эмне үчүн тыбыштар өзгөрүп кеткен (бир тыбыштан экинчи бир тыбышка өтүп кетет), бул процесс эмне үчүн кайсы бир белгилүү учурга гана дал келет, эмне үчүн дайыма болуп турбайт?

            Мына ушул өңдүү ары татаал, ары орчундуу маселелердин башын так жана терең ачууга үлүш кошо алгандыгы үчүн аталган эмгек кыргыз тил илиминде гана эмес, жалпы эле түркологияда өзүнүн татыктуу ордун ээлеп отурат.

            Экинчи айтайын дегеним - агай илимий кадрларды тарбиялап өстүрүүгө да опол тоодой эмгек сиңирди. Мен бул жерде анын жетекчилиги менен илимдин 25тен ашуун кандидаты,эки доктору даярдалгандыгын айтып жатканым жок. Кептин баары агай 22 жыл бою университеттин алдындагы докторлук (кандидаттык) даражаны ыйгаруу боюнча Адискеңештин төрагасы болуп иштеп, азыркы учурда кыргыз тил илими менен адабиятынын жүгүн аркалап жүрүшкөн илимпоздордун, окумуштуулардын чоң тобунун өсүп чыгышына тикеден-тике чоң үлүш кошкондугунда жатат. Ачыгын айтканда, ал мезгилде университетте Адискеңешти ачтыруунун, жойбой сактап туруунун өзү эле зор түйшүк, тозок эле - маселенин баарын Москва чеччү. Адискеңеш ачылыптыр деген кабарды укканда, аспиранттар, докторанттар жана изденүүчүлөр төбөбүз көккө жете сүйүнөр элек. Бир жолу мындай бир окуя болуп калды: агай шарты келбей калып, өзүнүн ордуна Москвага аттуу-баштуу башка окумуштууну жиберди, анын максаты -Адискеңешти ачтырып келүү эле. Бирок ал көп өтпөй эле бозала болуп кур кол кайтып келди да: «Ачтырганды мындай кой, жандарына жуутчудай түрлөрү жок!..» - деди алаканын жайып. Андан кийин, мен ачтырчумун деп, Адискеңештин дагы бир белгилүү окумуштуусу Москвага жөнөп кетти. Тилекке каршы, ал да кур кол томсоруп кайтты. Баягы эле жооп, баягы эле көңүл калуу. Аргасы түгөнгөндө, бардык иштерин жыйыштырып коюп, агайдын өзү кетти. Баарыбыз кыпылдап күтүп жүрөбүз. Бир күнү агай кафедрага жадырап-жайнап кирип келди да, көгөрүп болбой жатып ЖАКтын төрагасынын өзүнө киргендигин, ага Адискеңештин зарыл экендигин ишенимдүү далилдеп бергендигин, акыры төрага ынанып, Адискеңешти ачууга макул экенин билдиргенин айтты. Ошентип, бир ай өтүп-өтпөй эле баарыбызды күттүргөн Адискеңеш ачылган болчу. Эгер ал ачылбаганда, диссертанттар не деген гана түйшүктөрдү тартмакпыз: шарты барлар жалдырап коңшу республикаларга жөнөмөкпүз, айрымдарыбыз болсо илимден көңүлүбүз кайт болуп, кол шилтеп отуруп калмакпыз.

            Агай талапты өтө катуу коё билет, будамайлоого такыр жол бербейт. Эгер чийкирээк иш түшүп калса: «Муну коё берүүгө болбойт, дагы тереңдетсин, бышырсын. Бул кейпинде жактатсак, бүтүндөй Адискеңештин абийирине доо кетет» - деп айтып жатканын мен бир нече жолу уктум, азыр да угуп жүрөм. Өзгөчө диссертанттын өзү гана иштеши керек, өз ишин өзү гана оңдошу керек деген талабы өтө күчтүү. Муну анын ар бир шакирти жакшы билет. Мына, диссертацияңды машинкага бастырып зымпыйтып бересиңби, же карала - торала бойдон колжазма түрүндө кармата саласыңбы, айтор, агай эч бир керсейбей кабыл алат. Анан маалкатып жыл бою басып жатып албай, бир жумада, ашып кетсе жарым айда өтө дыкаттык менен окуп чыгат да, мандеми бар жерлерине же илеп, же суроо, же экөөнү кошоктоп коюп, колуңа карматат. Мындай белги коюлган жерлерде бир балээ бар экенин ал жерди улам-улам окуп жатып түшүнөсүң. Ошондуктан, жашырганда не, кээде биз: «Ушул белгилерди койгуча, өзү эле оңдоп койбойбу!..» - деп күңкүлдөп коёр элек. Ал эми жакталган иштердин кийинки тагдыры үчүн ак дилинен күйүп-бышат. Кафедрада иштеп жүргөндө анын Москвага, ЖАКтын тиешелүү бөлүмүнө, минтип телефон чалып жатканын мен көп уктум: «Биздин Адискеңеште мындай иштер жакталып, бекитүүгө жиберилген эле. Иштер сапаттуу бүткөрүлгөн. Бирок, негедир, бекилиши кечигип жатат да...- Акырында минтип тамашалап койчу – Баланча Түкүнчөевич, сиз ошого көз кырыңызды салып койсоңуз, бир эле көзүңүздү салсаңыз жетет...» Баса, ал учурда изденүүчүлөрдүн жүрөгүнүн үшүн алган кворум деген маселе болор эле. Анткени, эмне экенин азыр да түшүнбөйм, айтор толгон күндөн дал ошол Адискеңеште коргоо болор күнү анын айрым мүчөлөрүнүн негедир кан басымы жогорулап кетчү, же өтө зарыл иши чыгып калчу да, жыйынга катышуудан баш тартышчу. Анан кворум болбой, ызылдап эле жатып калчубуз. Андай учурда диссертанттарынын өздөрүнөн мурда агайдын чый-пыйы чыгар эле, анткени адам тагдыры чечилип жатат да. Мен мындай жагдайга эки жолу туш болдум. Кандидаттыгымды жактаганда Адискеңештин бир мүчөсү «сасык тумоолоп» калып, айлабызды алты курутту. Акыры агай мени жанына отургузуп, өзүнүн машинасы менен ал кишинин үйүнө жөнөп калды. «Эми өзүң кирип, эптеп көндүрүп чык, Бейшебай, - деди ойлуу. – Мага баары бир болбойт. Баягүнү аны кичине сындап койдум эле, тырчып калган окшойт. – Капалана башын чайкай. - Ал сынга сенин кандай тиешең бар дейм да. Же менин окуучум болгонуң үчүн ганабы... Пендебиз да...» Докторлукту жактаганда да ушундай күнгө туш болдум. Дагы эле «сасык тумоо», дагы эле зарыл иш. Агай ооруканада жаткан. ЖАКта иштегендиктен Адискеңеште мүчө эмес болчу. Ошентсе да, абалды  түшүндүрүп коёюн деп ооруканага кирип баратсам, агай маңдайымдан чыкты. «Санаам тынчыбай, алда кандай болот деп, өзүм да бараттым эле, -деди менин муңайым жүзүмдү көрөрү менен. - Температурам түшпөгөнүнөн улам догдурлар жиберишпейт туйлашып.Чырдашып, ийне сайдырып алып баратам...» «Машине менен...» -дедим мен ыңгайсыздана. "Жөө эле барам, - деди агай жайдары. - Жакын эле да. Андан көрө сен чөкпөй, алагды болбой жакшы даярдан. Буюрса, жакшы эле болот...» Чын эле - агай айткандай эле болду.

            Мына ушундай жагдайды диссертанттардын көбү эле башынан кечиришкен. Алардын ар бирине агай мага күйгөндөй эле тызылдап күйгөндүгүн, менимче, диссертанттар унутпаса керек, унутууга акылары да жок. Ал эми мен болсо агайдын адамдык асыл сапаттары өзүмө да, өзгөлөргө да сабак болор деген ниетте ага өйдө жакта атайы кеңири токтолдум.

            Агай коомдук иштерди да абийирдүүлүк жана калыстык менен аркалап келет. Университетте комсомол комитетинин катчысы болуп турганда далайларды «ыр менен дың жерге» узатты; парткомдун, райкомдун мүчөсү болду. Мындан сырткары, ал 1972-жылдан 1982-жылга чейин кыргыз тили боюнча илимий-методикалык кеңешинин, Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунун тил, адабият жана искусство боюнча методикалык кеңешинин төрагасы, Элге билим берүү министрлигинин басма кеңешинин төрагасы, Кыргыз ССР ИА ТАИсинин илимий жана окумуштуулар кеңешинин мүчөсү жана төрагасы (1965-жылдан бүгүнкү күнгө чейин), Жогорку окуу жайлар аралык басма кеңешинин төрагасынын орунбасары (1970-1985), Билим, агартуу министрлигинин кыргыз тили жана адабияты методикасы кеңешинин төрагасы (1970-1985) өңдүү көптөгөн илимий коомдук милдеттерди аткарып келди.

            Агай бүгүнкү күндө 1990-жылдан бери УИАнын Тил илими институтунда бөлүм башчы, 1998-жылдан тартып директор болуп иштөөдө. Учурда институттун жамааты агайдын жетекчилиги астында эне тилибиздин тыбыштык түзүлүшүнө, грамматикалык курулушуна, тарыхый лексикасынын актуал проблемаларына, адабий тилдин нормаларына арналган илимий эмгектерди, окуу куралдарын жаратышып, мамлекеттик тилдин өркүндөп - өнүгүшүнө, колдонулуу  аймагынын кеңейишине зор көмөк көрсөтүп жатышат. Кийинки жылдарда өткөрүлгөн республикалык масштабдагы илимий-теориялык конференциялар да анын жеке демилгесине байланыштуу экендигин бул жерде белгилей кетүү жөн.

            Агай - дайыма изденүүдө жүргөн, илимдеги жаңылыктарды өздөштүрүүгө, аны башкаларга жеткирүүгө далалаттанган изденгич окумуштуу. Буга анын кийинки кездерде республикабыздын жогорку окуу жайларында өткөрүлгөн илимий конференцияларда жасаган тилдин актуал маселелерине арналган докладдары, Түркиянын Анкара шаарында өткөн Илимдин эл аралык майрамында жасаган «Кашкарлык Махмуд жана кыргыз тили» аттуу билдирүүсү, телерадиолордогу кызыктуу маектери күбө.

            Агайдын сиңирген эмгеги эл жана Өкмөт тарабынан жогору бааланып, ал СССР жана республиканын Агартуу министрликтери менен профсоюздук, Кыргызстан комсомолу менен ВЛКСМ БКнын Ардак грамоталары, «Ардактуу комсомол» төш белгиси, СССР Жогорку билим министрлигинин мыкты окутуучусу, Кыргызстан Эл агартуусунун мыктысы төш белгилери менен сыйланган. Ошондой эле «Даңк», «Эмгектеги каармандыгы» жана «Эмгектин ардагери» медалдарынын да ээси.

            Үй-бүлө өзүнчө кичинекей мамлекет эмеспи, адамдын бакыт башаты дал ушул кичинекей мамлекетте жатары да анык. Бул жагынан алганда да, агайдын толук сыймыктанар жөнү бар. Агайдын үй-бүлөсүн, негизинен, илимпоздор үй-бүлөсү деп атап койсок куп жарашчудай. Жубайы Батма эже (Кебекова) - илим кандидаты, өмүр бою Илимдер академиясында эмгектенип, элдик оозеки чыгармачылык боюнча бир нече көлөмдүү жана омоктуу илимий монографияларды жараткан белгилүү окумуштуу. Ал эми кыздары: Айгүл - биология илимдеринин кандидаты, доцент; Жылдыз —химия илимдеринин кандидаты, доцент; Айнаш – банк кызматкери, уулу Аваз - философ. Айтор, агайдын үй-бүлөсүн, жараткан 160тан ашуун  илимий  эмгегин, даярдап чыгарган 25тен ашуун кандидатын, 2 докторун жана Адискеңешке төрагалык кылып турган учурда учурган жана азыр да учуруп жаткан кадрларын эске алсак, өзүнчө эле «Ахматов республикасы!» деп зор сыймык менен атоого толук негиз бар. (Көз тийбесин дейли!) Анан да агай - кичинекей балдар дегенде эт-жүрөгү эзилип кеткен, неберелерин жанындай  көргөн мээрман жана камкор ата. Качан гана  үйүнө барбагын, неберелери менен алышып  жатканын көрөсүң, а неберелери «бул менин  атам», «жок, сеники эмес, менин атам!» -  дешип өз ара талашышып, бактылуу чоң атаны ого бетер бакытка чөгөргөнү чөгөргөн.

            ...Өмүр көчү кетип барат. Жаныбарым Торайгыр шамалга жеткирбей, кереметтүү Көлдү жиреп барат. Анан бу Торайгыр айылына касиет ушу Көлдөн жукканбы деп  ойлоп кетесиң. Ким билет, Торайгыр айылынын касиети, балким, дал ушул Токтосун агайдай кулундарындадыр...



 

филология илимдеринин доктору, профессор Б. Ш. Усубалиев

(Prof. Dr. Beyşebay usubaliyev)