BAĞLANTILAR

 

FOTO ALBÜMDEN

  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
  • FOTO ALBÜMDEN GÖRÜNTÜLER
 

İSTATİTİKLER

mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterBugün83
mod_vvisit_counterDün65
mod_vvisit_counterBu ay1226
mod_vvisit_counterGeçen ay1811
mod_vvisit_counterToplam255803

Online (20 minutes ago): 1
Your IP: 54.224.210.130
Zaman: 2017-09-19 22:15
 
Көчмөн элдердин маданиятында жыл мезгилдеринин аталышы (Кыргыз жана түрк тилдеринин мисалында) PDF Yazdır e-Posta


Адам баласы жаралгандан тартып эле өз жашоо-турмушун табияттын шарттарына ылайык жөнгө салууга аракеттенип келген. Бир жыл ичинде жаңыланып  турган географиялык өзгөчөлүктөргө жараша даярдык көрүп, кийинки жыл үчүн турмуш-тиричилигин пландаштырышкан. Жыл ичиндеги географиялык шарттар, башкача айтканда, жыл мезгилдер өзгөчө көчмөн калктарда өзгөчө мааниге ээ болгон. Ошондуктан календарь көчмөн калктарда алмаштырылгыс нерсеге айланган.  Алар өз турмуш-тиричилигин календарь боюнча аныктап, мал чарбачылыгын жөндөп жүргүзө алышкан. Ошондуктан көчмөн  жашаган элдердин турмушунда календарь өзгөчө мааниге ээ болуп, чоң роль ойногон. Байыркы мезгилдерден бери көчмөндөрдө өздөрүнүн белгилүү бир календары болгон , алар жылды белгилүү бир мезгилдерге бөлүп келишкен.

 

Албетте, алардын календарды түзүүсүнө экологиялык шарттар, табият гармониясы, диний түшүнүктөрү жана экономикалык талаптары таасир эткен. Мисалы, алар жашаган аймакта тоолордун, көлдөрдүн, дарыялардын, түздүк-өрөөндөрдүн жана түрдүү өсүмдүктөрдүн бар же жок болушу адамдарды ошол географиялык чөйрөгө ыңгайлашып жашоого, кайсы мезгилде кандай айбанга аңчылык кылууну, кандай өсүмдүктөрдү тамак-аш катары пайдаланууну, кайсы мезгилде кайсы жерге көчүүгө боло тургандыгын билүүгө, өздөштүрүүгө түрткү берген. Булардын баарын билүү менен жыл мезгилдерин туура аныктоо көчмөн элдердин өз жашоосун улап туусуна көмөкчү болгон. Ошондой эле сууктун түшүшү, өсүмдүктөрдүн гүлдөшү, кардын эриши сыяктуу табигый кубулуштардын жылдын белгилүү бир мезгилинде болушу, жаныбарлардын жыл ичинде белгилүү бир убакта төлдөшү – мына ушулардын баары адамдардын көңүлүн өзүнө буруп, календарды жаратууда маанилүү элемент катары кызмат кылган. Календарды үйрөнүп жана ага таянуу менен сел, кургакчылык сыяктуу табигый кырсыктардын алдан алууга аракет кылышкан; ошондой эле жылдыздардын, күн жана айдын белгилүү бир мезгилдеги абалы тигил же бул натыйжаларга алып келери жөнүндөгү тажрыйба- билимдери да абдан пайдалуу болгон. Мына ушулардын арасында өзүнөн башка да  бир күчтүн бар экендигин, бул ааламда жалгыз эмес экендигин адам баласы түшүнө баштайт. Натыйжада аларда ишеним, ынаным пайда болуп, ошого жараша жашоодогу жаңы жүрүм-турумдар, өз ара мамилелердин үлгү өрнөктөрү калыптана баштайт. Ал күчтү ыраазы кылуу максатында ага арнап, курмандык чалышкан. Байыркы замандагы адамдардын мындай жүрүм-турумдары өзгөчө Орто Азиядагы көчмөн элдерге таандык петроглифтерде кеңири чагылдырылган.

Жыл мезгилдерине байланыштуу болгон ишмердүүлүктөр да календарды жаратуу зарылчылыгын шарттаган. Бул жагдай өзгөчө көчмөн калктарда таасирдүү болгондугун унутууга болбойт. Көчмөн элдер кайсы мезгилде көчүү, кайсы жерде канча убакыт жашап калуу керектигин  алдынала билүүсү зарыл болгон. Себеби алар ушул жагдайларга жараша убактыларын бөлүштүрүшкөн[1].

Жогорудагы жалпы малыматтардан кийин көчмөн түрк калктарында жыл мезгилдери кандайча калыптангандыгын түшүнүү үчүн индуктивдүү методду колдонуу эң алгылыктуу ыкма деп эсептейбиз. Башкача айтканда, адегенде көчмөн урууларда пайда болгон календарлардын жана ошол эле мезгилде жыл мезгилдеринин аталыштарын аныктоо зарыл, андан кийин бул аталыштарды классификациялоодо эмнелер негизги фактор болгондугун аныктоого болот. Ошондуктан адегенде календарга байланыштуу терминдерге аныктама берүү керек.

Алгач, жыл мезгили деген эмне? Кыргыз тилиндеги “жыл мезгили “ деген сөз түркчө “mevsim”(ар.) деп аталат. Бул эки сөздүн тең мааниси сөздүктөрдө төмөнкүчө берилген:

1.                Жылдын күндөн жарык жана жылуулук алган бөлүгү жана буга байланыштуу климаттык шарттарына ылайык өзгөчөлүктөргө ээ болгон төрт мезгилдин бири.

2.                Атмосфералык кээ бир кубулуштар эң көп болгон мезгил.

3.                Тилил же бул эгиндин эгилген  жана түшүмү бышкан убакыт.

4.                Тигил же бул нерсенин абдан таасирдүү болгон мезгили.

5.                Өтмө мааниде: жашоонун, бар болуунун бир бөлүгү.[2]

Көчмөндөр маданиятында жыл мезгилдери көчмөн уруулардын турмуш образын аныктоодо маанилүү фактор болгондугу белгилүү. Алар бир жерден экинчи жерге көчкөндө ал жердин климаттык шарттарын  эске алышкан жана ал жерге ат беришкен. Чындыгында көчмөнчүлүк турмушта “жайлоо” (yaylak) жана «кыштоо» (kışlak) деген эки түшүнүк жашаган.  Kışla (kışlak (кырг. «кыштак\ кыштоо») көчмөндөр кыш мезгилинде жашаган жер.[3] Алтайдан нары Амур дайра боюндагы жайлоодо жылкы семирип нык болгон чак. (Ашым жакыпбек, Теңири манас 216 – б) Al yeşil, göç kalkardı, gürül gürül. Alırdık göçü, aşardık dağları, konardık Binboğa’nın yaylasına. Kış basarken de inerdik Çukurova’nın düzüne. (Yaşar Kemal, İnce Memed, s. 279.) Ошол жылы күздө, малдуу-жандуулар кыштоого көчүп өткөндөн кийин, биздин айылга мен башта көрбөгөн, аскер шинель кийген чоочун жигит келди. (Айтматов Чыңгыз, Чыгармаларынынжыйнагы, 1-том, Ботогөз булак. Повесть, 203 – б) Жайлоо турмушу бүтүп, күз мезгили (sonbahar) ортологондо же аятап баратканда кыштакка (kışlak) көчүшкөн.[4] Жаз (bahar) келгенде үй жаныбарлары багылган жер «жайлоо» (yayla, yaylak) деп аталган. Жайлоонун бир өзгөчөлүгү анын тоолуу аймактарда болгондугу. Кээ бир көчмөн уруулар жайлоодо жашап жатканда аба ырайы акырындап сууп, чөптөр саргара баштаса да даро эле кыштоолорго (кыштактарга) кайтышкан  эмес. Алар бир аз төмөнүрөөк жерге көчүп малдарын жайып багышкан. Мындай жерлерде өткөрүлгөн убакыт күз мезгили (güz, sonbahar) катары белгиленген. Ошондуктан күз мезгилинде жашаган жерлерди «күздөө» (güzle, güzlek) деп аташкан.[5] Иши кылып, өлбөгөн кулга жаз келет болуп, кыштан кадыресе тың чыгыптыр...(Ашым жакыпбек,Теңири манас 34 – б)

Bahar mevsiminde ise yeryüzünün her tarafı yeşillenir. (Namık Kemal, İntibah, s.12.)

Жашынууга чукулдап, күздө талаанын сургулт четине чыгып алган күндүн кочкул нурлары бийикте турган теректердин чокуларына бирде тийип, бирде тийбей кубулуп турган экен.

(Айтматов Чыңгыз, Чыгармаларынынжыйнагы, 1-том, Биринчи мугалим. Повесть, 201 – б)

Bahçe kuruldu kurulalı, hiçbir güz böyle perişan olmamıştı. (Tarık Buğra, Yağmuru Beklerken, s. 218. )

Аа...—дейт карыя. — Ал киши күздөөдө, али түшө элек. (Ашым жакыпбек,Теңири манас 29 – б)

Байыркы түрк уруулары жыл мезгилин суук жана ысык мезгил деп  эки категорияга бөлүшкөн. Мындай бөлүштүрүүнү Борбордук Азиядан, Тоолуу Алтайдан жана Анадолудан байкоого болот. Бул аныктама чөптүн көгөрүшүнө байланыштуу экендиги талашсыз.[6] Жыл мезгилдеринин «жайлоо» жана «кыштоо» деп аталышы көчмөндөрдө кээде башка термин менен да берилген. Кээде бул терминдер бүтүндөй бир окуяны (кубулушту) билдирген. Мисалы, Анадолуда кыш түшкөнгө чейин кочкорду короодогу койлорго кошушкан, Бул мезгил «koç katımı» («кочкорду кошуу») деп аталган. Осмон календарында негизги система төмөнкүчө болгон: аталган мезгил «Ruz-ı Kasım» (9-ноябрь) деп аталган, башкача айтканда , бул мезгилде короодогу койлорго кочкор кошулган; ал эми жылдын экинчи жарымы «Ruz-ı Hızır» (6-май) деп аталган.[7] Анадолунун түрдүү аймактарында көчмөндөр маданияты азыркы күнгө чейин сакталган. Мисалы, Йукары Каражахисар (Yukarı Karacahisar) деген айылда жыл «жай» жана «кыш» делип эки мезгилге бөлүнөт. Бул эки мезгилдин ар бири алты айдан турат. Кыш онунчу айда башталып, төртүнчү айда бүтөт. Бешинчи ай келгенде жай башталды деп эсептелинет. Августун келиши суук түшкөндүгүн билдирет.[8] Гордлевскийдин маалыматы боюнча, Анадолуда бир жыл ысык  -жылуу (жаз, жай-ilkbahar, yaz) мезгилге жана суук (күз, кыш- sonbahar, kış) мезгилге бөлүнгөн. [9]

Бул изилдөөбүздө   жогоруда белгиленген  жыл мезгилдеринин аталыштарынын кыргыз жана тилдеринде өнүгүүсү тарыхый жактан каралып, фонетикалык жана маанилик өзгөчөлүктөрү иликтенмекчи.

К. Сейдакматов кыргыздарда жыл ысык (жылуу) жана суук мезгилдерге бөлүнөрүн, ал эми «жаз», «жай» аталыштары «йас» сөзүндөгү й, с жана а тыбыштарынын өзгөрүшүнөн улам пайда болгондугун белгилейт. Жылдын суук мезгили «күз» жана «кыш» деп аталып, экиге бөлүнөрүн көрсөтөт.[10] Ошондой эле «күз» жана «кыш» сөздөрү да алгачкы мезгилдерде бирге колдонулгандыгын жазат. Кыргыз тилинде «кыш күрөөдө» же «күз күрөөдө» деген татаал сөздөр колдонулат да «жаз күрөөдө» же «жай күрөөдө» деген сөздөр колдонулбайт. Мындагы «күрөө» сөзүнүн этимологиясын табууга аракеттенип көрөлү. Кыш күрөөдө тууп кал-ган бээлер кулундары менен ушунда багылып турган. Кеңеш өкүмөтү чыгып, бай качып кеткен соң аткана ээн калып, тегерегин коко-тикенек, эрмендер басып, киши каттабай калган болчу. (Айтматов Чыңгыз, Чыгармаларынынжыйнагы, 1-том, Биринчи мугалим. Повесть, 206 – б)

Күз киргенде сары жал-бырактар жаап, кыш киргенде бейитти ак кар басар. Ошентип, кайрадан жаз айланып, жай келип, күз айла-нып, кыш келип, жылдар өтө берер. Мезгилдин канаг-куйругунан кармап көргөн ким бар? (Эрнис Турсунов, Ата Журт, 193- б)

Монгол тилинде «күр» сөзү «моюн» («boyun») маанисин берет. Бул сөздөгү «р»(‘r’) тыбышы «з» (‘z’) тыбышы менен алмашып, «күз» деген сөз келип чыккан. Ошондой эле «р» тыбышы сакталып, «н» (‘n’) тыбышынын үндүүгө айлануусунан «күрөө» сөзү пайда болгон. Ошентип, кыргыздар суук мезгилди «кыш күрөөдө», күз мезгилин «күз күрөөдө» деп атап калышкан. «Күз» сөзү кыргыз тилинде «моюн» (‘boyun’) маанисинде колдонулгандыгы анык болууда.[11] Мисалы, жазында кар көп жааса же суук узакка созулса ,»быйыл кыштын мойну узакка созулду» дешкен, анын тескерисинче, эгер жаз эрте келсе, «кыштын мойну кыска болду» дешчү. Ошожерден артына чегине калып, колундагы өрмө камчы менен Сейдени моюндан ары үстү-үстүнө тартып-тартып жиберди. (Айтматов Чыңгыз, Чыгармаларынынжыйнагы, 1-том, Бетме-бет. Повесть, 154- б)

А. Каргалдаева [12] кандидаттык  диссертациясында К. Сейдакматовдун суук мезгилди билдирген «кыш» жана «күз» сөздөрүнүн этимологиясы монгол тилинде «моюн» маанисинде колдонулган «күрөө» сөзүнөн келип чыккан деген пикирине кощулгандыгын билдирет. Биз да бул көз карашты толук негиздүү деп эсептейбиз.

Түрк тилине таандык эң байыркы жазма эстеликтерден тартып 13-кылымга чейин жылдын төрт мезгили «yaz, yay, küz (güz)» жана «kış»[13] деген терминдер менен аталып келген. Орхон-Энесай жазмаларында жыл мезгилдериkışın’ /BK, G 2/,  yay’ /BK,B 3/, ‘yayın’ /BK, E 39/, ‘yaz’ /KT, K8, BK,E 31/, ‘yazın’ /BK,G2/ деген сөздөр менен белгиленген.

Kavakları yaz sonu rüzgârlarının delilikleri sarmıştı. (Sevinç Çokum, Ağustos Başağı, s. 408.)

Güz sonu nasılsa dalından kopmamış kınalı bir çınar yaprağı rengindeki yan kavruk, fakat azıcık heyecanlanınca taze kan hücum eden, can taşan yüzü; şehirde yalnızca karayağız oluyor, kızaracağına solgunlaşıyordu. (Refik Halid Karay, Karlı Dağdaki Ateş, s. 11. )

Âlemde ister kış, isterse bahar,

İster bir yaz, ister bir güz olsaydı!

Yeter ki riyasız bir yüz olsaydı!

Gam yemezdim, sular, ağaçlar, kuşlar... (Cahit Sıtkı Tarancı, s. 68. Otuz Beş Yaş, Bütün Şiirleri, s. 54.)

Sonunda Köprübaşı'na ulaştılar. Burada söğütler altında, oturulan gazinomsu bir yer vardı, yazın kalabalık olurdu ama kışın yalnız salaş binasında tek tük müşteri bulunurdu. (Refik Halid Karay, Karlı Dağdaki Ateş, s. 103.)

Зафер Өнлер[14] Талат Текиндин «A Grammer of Orkhon Turkic» аттуу эмгегине таянуу менен «yay» сөзү «yaz» (жай), ал эми «yaz» сөзү «İlkbahar» (жаз) маанисине өзгөргөндүгүн белгилейт. Орхон эстеликтеринде «күз» (‘güz’) түшүнүгүнүн колдонулбагандыгы байкалат.

Ошентип байыркы түрк доорунда жыл мезгилдери yaz, yay, küz, kış формаларында колдонулса, азыркы кыргыз жана түрк тилдеринде төрт мезгил төмөнкү терминдер менен белгиленет.

 

Кыргыз тилинде

жаз

жай

күз

кыш

Түрк тилинде

ilkbahar

yaz

güz

kış

 

Байыркы түрк тилинде колдонулган «yaz» сөзү кыргыз тилинде «жаз» формасына өзгөргөн. Бул «й» тыбышынын «з» үнсүзүнө өзгөрүүсүнүн натыйжасы (й>з//y<z ). Азыркы түрк тилинде  Бул сөз «ilkbahar» формасында колдонулат. «İlkbahar» (жаз) жана «sonbahar» (güz) («күз») сөздөрү түрктөр Анадолуга көчүп барышкандан кийин колдонула баштаган. Анадолуда «bahar» (жаз) сөзүнүн жыл мезгилинин аты катары колдонула башташы З. Өнлердин[15] пикири боюнча, XIV кылымга, С. Г. Клаусондун[16] ою боюнча, XV кылымга таандык. З. Өнлер XIV кылымга тиешелүү «Müntahab-ı şifa» эмгегинен жыл мезгилдери жөнүндө төмөнкү маалыматтарды жазат: «ve bigil ki dört fasıldır. Evvelki fasıl ki bahardır ikinçi fasıl ki yaydır. Üçünci ki güzdür dördünci fasılki kışdır.»[17]. Фарс тилиндеги «Bahar» сөзүнүн башына «ilk» , аягына «son» формалары улануу менен азыркы түрк тилинде колдонулуп жүргөн «ilkbahar» (жаз) жана «sonbahar» (күз) сөздөрү пайда болгон.

ilkbahar bu yağmur yağdığı olur

güneş açtığı olur (Attila İlhan, Bütün Şiirleri 5. Belâ Çiçeği, s. 96.)

Bırakın, rahat bırakın Evliyâ'yı-

Doya doya seyretsin Sonbaharında dünyâyı; Burda tamamlasın, Orda başladığı rü'yâyı! (Arif Nihat Asya, Dualar Ve Âminler, s. 54.)

 

Азыркы кыргыз тилинде «жаз» сөзү кыш менен жайдын ортосундагы мезгилди билдирет. Башкача айтканда , түн менен күн теңелген  20-21- марттан  күн эң узун болгон 22-июнга чейинки мезгилди билдирет. [18] Байыркы түрк калктарында жылдын башы 21-март деп эсептелип келинген. Себеби бул мезгилде жер бети көгөрүп, табият ойгонгон, жаныбарлар төлдөп, жашоонун жаңы мезгили башталган. Бул убакта Үркөр жылдызы даaна көрүнүп, жерге жакындыгы байкалат. Бул мезгилди адам өмүрүнүн жаштык курагы менен салыштырууга болот.

Жай мезгили 21-июндан башталып, 23-сентябрга чейин созулат. Жаз менен күздүн ортосундагы ысык мезгилди камтыйт. Бул мезгилде жашылча –жемиштер бышат. Табият адам баласы сыяктуу жетилген , калыптанган өмүрүн жашайт.

Азыркы кыргыз тилиндеги «жай» сөзү түрк тилиндеги «yaz» сөзүнүн синоними. «Yay» сөзү азыркы кыргыз тилинде «й»тыбышы «ж» үнсүзүнө алмашып, «жай» формасына ээ болгон. Азыркы түрк тилиндеги «жай» маанисиндеги «yaz» сөзү кыргыз тилинде «жаз» (ilkbahar) сөзүнө тура келет. Тарыхый булактарды караганыбызда «yay» жана «yaz» сөздөрү бири-бирине синоним экендигин көрөбүз, кээде бири-биринин ордуна да колдонулган.

Орхон-Энесай жазууларынды «yay» сөзү «yay» жана «yayın» формаларында колдонулган.

Клаусон өз эмгегинде «yay» сөзү созулма үндүү менен «ya :y» формасында жазылгандыгын, жана  «жаз» маанисинде кодонулгандыгын, бирок негизги маниси «жай» (yaz) экендигин белгилейт. [19] «Yaz» жана «yaz» сөздөрү «Дивани лугат-ит түрк» сөздүгүндө да биринин ордуна бири колдонулганын көрөбүз. Мисалы, «Küz keligi yayın belgülük» (III. 160). Экинчи бир жерде: «Küz keligi yazın belgiürer (II.172). «Yay yarubah ergüzi /Aktı akın munduzi. Togdı yaruk yulduzi/ Tınla gözüm külgüzüm.»(I. 96)

(Жаз кетип жатканда эриген карлар күчтүү сел сыяктуу акты, таң жылдызы асмандан көрүндү, сөзүмү күлбөстөн ук).

Kış yay bile tokuştı/Kınır közüm bakıştı.

Tutuşgalı yakıştı /Utgalımat ugraşur (I /170)[20]

(Кыш жаз менен күрөштү , алар бири бирин ачуулуу көздөрү менен карашты, күрөшүп жеңүү үчүн жакындашты.)

Жогоруда келтирилген мисалдарда «жаз» менен «жай» бири-биринен кескин ажыратылган эмес. Негизги жыл мезгилдери жай жана кыш экендиги, ал эми жаз жана күз аралык мезгилдер болгондугу ачык байкалат.

Ошол эле доордо жаралган «Кутадгу билиг» эстелигинде «yay» сөзү «жай» , «yaz» сөзү  «жаз» (ilkbahar) маанисинде колдонулган.[21]

Yıl ülgi yaz ersekiçig erseer /Kızıl körse borça yagız körse yer (6007).

(Адам жаз мезгилинде жана жаш кезинде ар нерсени шарап сыяктуу кызыл түстө, ал эми жерди кара түстө көрөт.)

Yıl ülgi yay erse tüşegli yigit / Sarıgal tüşese ya kürküm ögit (6009)

(Жай мезгилинде  эгер жаш адам түш көрсө, түшүндө сары, кызгылт түстүү шафран же майдаланган бир нерсе көрсө)

Күз (sonbahar//güz) – сентябрдын 22синен башталып, декабрдын 21ине чейин созулган мезгил. Азыркы кыргыз тилиндеги «күз» сөзү түрк тилиндеги  Güz’ (sonbahar) сөзүнө мааниси боюнча тура келет. Түрк тилиндеги «sonbahar»  жана «güz» сөздөрү синоним болуп саналат. Бул мезгилде аба ырайы салкындап, жалбырактар саргара баштайт. Жан-жаныбарлар, адамдар кышка даярдана башташат. Бул мезгилди адам баласынын улгайган чагына окшотууга болот. Кыш мезгили 22-сентябрдан башталып, 31-мартка чейин өкүм сүрөт. Жылдын эң суук мезгили. Бул мезгилде табият жана кээ бир айбандар узун уйкуда болушат. Адам баласы сыяктуу жаздын келишин «эки көз  төрт болуп» күтүшөт.

Азыркы кыргыз жана түрк тилдериндеги «кыш» «kış» сөздөрү маанилик жактан дал келет. «Кыш» сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө ар түрдүү пикирлер бар. Чуваш тилинде «кыш» сөзү «хыш» формасында колдонулуп, «арт, арткы»(art) деген маанини билдирет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде төмөнкүдөй тыянак чыгарууга болот:

1.                                   Көчмөн элдерде жыл эки мезгилге бөлүнгөн: «жай» (yaz’) жана  «кыш» (kış). Жыл ысык жана суук мезгилге бөлүнүп, ар бир мезгил алты айдан турган. Аларды атоо үчүн «жай» (‘yay’) жана «кыш» (‘kış’) терминдери колдонулган. Ал эми өткөөл мезгилдер катары мүнөздөлгөн жана азыркы түрк тилинде аларды белгилөө үчүн колдонулуп жаткан ‘ilkbahar’(жаз), ‘sonbahar’ (күз) сөздөрүнүн ордуна ‘yaz’ жана ‘küz’ терминдери колдонулган.

2.                                   Bahar’ (жаз) сөзү фарс тилинен өздөштүрүлгөн. Себеби түрктөр менен фарс тилинде сүйлөгөн элдер тыгыз карым-катышта болуп келишкен. Бул сөзгө кийинчерээк түрк тилиндеги ‘ilk’ жана ‘son’ формалары уланып, ‘ilkbahar’ жана ‘sonbahar’ түрүндө колдонула баштаган. ‘Yay’ сөзү толугу менен унутулган, ал эми ‘yaz’ сөзү маанилик жактан өзгөрүүгө учурап, ‘yay’ сөзүнүн ордуна колдонулуп калган.

3.                                   «Жаз», «жай» сөздөрү ‘yas’ сөзүнүн тыбыштык жактан өзгөрүүсүнүн натыйжасында пайда болгон. Суук мезгилдерди туюндурган «кыш» (kış) жана «күз» (güz) сөздөрүнүн уңгусу монгол тилиндеги «моюн» (boyun) маанисин билдирген «күрөө» сөзүнөн келип чыккан.

4.                                   Азыркы кыргыз тилиндеги «жай» сөзү түрк тилинде ‘yaz’ маанисинде, «жаз» сөзү ‘ilkbahar’ маанисинде колдонулууда.

5.                                   Эки тилде тең колдонулуп жаткан kış-yaz (кыш-жай); ilkbahar-sonbahar, güz (жаз-күз) мезгил аталыштары бири-бирине антоним болуп саналат. 

 



[1] Gürbüz Ergin. Uşak Halk takvimi ve Meteorolojisi. TTK basımevi. Ankara. 1984. s.22-25.

[2] Türkçe sözlük, c.II. Ankara,1998,s.1017.

[3] Hikari Egawa– İlhan Şahin ,Yagcı Bedir Yörükleri, İstanbul, 2007, 89.

[4] İlhan Şahin, Osmanlı Döneminde Konar- Göçerler, İstanbul,2006, s.257- 258.

[5] A.g.e 258.

[6] Каргалдаева А.А.Кыргыз тилинде мезгилдик (темпоралдык) маанини туюндуруучу тил каражаттары. Диссертация, Б., 2003, 35-б.

[7] Kudret Emiroglu, Gündelik hayatımızın Tarihi, Dost Kitabevi II. Baskı, Ankara, 2001, s.61.

[8] Gürbüz Erginer, Uşak Halk Takvimi ve Meteorolojisi, TTK Basımevi, Ankara, 1984, s.55.

[9] Гордлевский В. Материалы для осмонского календаря «Живая старина» Сп.б.1911, вып.3-4. Стр. 89.

[10] Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык тішінігі. – Ф., 1987. 5-б.

[11] Ошондо .5-6-б.

[12] Каргалдаева А. Кыргыз тилинде мезгилдик (темпоралдык) маанини туюндуруучу тил каражаттары. Диссер. Б. 2003, 37-б.

[13] Zafer Önler, Türkçe Mevsim Adları , I. Edirne Kültür  Araştırmaları Sempozyumu 23-25 Ekim 2003,s.71.

[14] A.g.e. s. 71./Bkz. Talat Tekin: A Grammer of Orkhon Turkic, İndiana University, 1968. s.398-399/.

[15] Zafer Önler, Türkçe Mevsim Adları, I.Edirne Kültür Araştırmaları Sempozyumu 23-25 Ekim 2003, s.72.

[16] Sir Gerard Claucon, An Etymologikal Dictionary of Pre-Thirteenth- Centuri Turkish,Oxford 1972,s. 980.

[17] B.k.z. Zafer Önler , Müntahab-ı  Şıfa  I. Metin, Türk Dil Kurumu, 1990, s.2a/11-2b/3.

[18] Кыргыз совет энциклопедиясы.- Ф., 1976. 486-б.

[19] Sir Gerard ,Clauson,a.g.e. s.980.

[20] Besim Atalay, Divani Lugat-it –Türk, C.I,II. Baskı, Ankara, 1985, s.13.

[21] Reşid Rahmeti Arat, Kutadgu Bilig III, İndeks, (Yayıma Hazırlayanlar: Kemal Eraslan, Osman F. Sertkaya, Nuri Yüce), Ankara, 1979.